Кыргызстан бодо мал жана жылкы экспортун убактылуу токтотту
Кыргызстан бодо мал, майда жандык жана жылкы экспортун убактылуу токтотту. Бул жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, мындай чектөө электрондук системада малды идентификациялоого, инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу кабыл алынган.
Аталган иш-чара өлкөдөгү малдын так эсебин чыгарууга, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына көзөмөлдү жогорулатууга багытталган.
"Инвентаризация 15-20 күнгө созулат. Андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.