super.kg logo
  Спорт  

Жаңы дайындалган машыктыруучу Иран менен болгон оюндан кийин билдирүү жасады

 

Кечээ, 5-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Иран менен ойноп, 1:0 эсебинде утулуп калган.

Бул оюндан кийин "Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Максим Лисицын билдирүү жасады. Анда башкы машыктыруучу шакирттерине ыраазычылыгын айтты.

"Биринчи бөлүктө оюнубуз жакшы жүрүшкөн жок, бирок оюнчулар абалды оңдоп кеткени үчүн аларга ыраазымын. Оюнга өзгөртүү киргизгенден кийин, экинчи бөлүктө атаандаштын дарбазасында бир нече урунтуу учурларды жарата алдык. Бизде жакшы мүмкүнчүлүк болду, бирок аны ишке ашыра албай калганыбыз өкүндүрөт. Кожо мүмкүнчүлүктү ишке ашыра албай калды, бирок бул футбол. Кийинки оюнга даярдык көрөбүз", - деди ал.

Кийинки беттешин Кыргыз курамасы 10-сентябрда Өзбекстанга каршы өткөрөт. Оюн Бишкекте өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: