Бишкек-Ош жолунда айдоочулар дрон менен көзөмөлгө алынууда
Бишкек-Ош унаа жолунда дрондун жардамы менен жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө органы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.
Ага ылайык, өлкөнүн стратегиялык жолдорунда жол кырсыктары катталып жаткандыктан Бишкек-Ош унаа жолунда жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлдү.
Мекеме дрондун жардамы менен жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды аныктап, аларга чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашты.
06.09.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.