super.kg logo

Чүйдө таңга жуук тамактануучу жайды тоноого шектүү кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районундагы тез тамактануучу жайга каракчылык кылган 47 жаштагы шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-август күнү милиция 52 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү саат 04:48 чамасында тамактануучу жайга жүзүн жашырган адам кирип барып, колундагы союл менен аны коркутуп, кассадагы 42 миң сомун жана Redmi, Samsung A30 аталышындагы телефондорду тартып алып, эшикти сыртынан бекитип качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1977-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: