super.kg logo

Бишкекте 22 жаштагы жигит 145 грамм гашиш менен колго түштү

 

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда баңгизат менен алектенген 22 жаштагы шектүү жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 17 грамм баңгизат менен кармалган жана тергөө учурунда өз ыктыяры менен жашаган жерине сактап келген баңгизаттарды дагы тапшырып берген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иши козголгон. Алынган зат гашиш экенин, анын жалпы салмагы 145 грамм болгонун соттук-химиялык экспертиза аныктаган.

Министрлик кармалган жаран №1 тергөө абагына киргизилгенин, учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: