super.kg logo

Кыргызстанда такси айдоочуларга көзөмөл күчөтүлөт

 

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыган такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

"Акыркы учурларда унаанын техникалык абалына көңүл бурбастан, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү документтерди чогултпастан, такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү коммерциялык жолдор менен ташып жүргөн такси айдоочулары көбөйүүдө.
Бул айдоочуларга көзөмөл жок болгондуктан, эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай, энергетикалык суусундуктарды ичип алып чарчаңкы абалда суткалап уктабай, жүргүнчүлөрдү кооптуу абалда ташуу көп болуп, кесепети жол кырсыктары менен коштолгон учурлар да кездешүүдө", - деп билдиришти ЖКККББдан.
Ошондой эле ЖКККББ жарандардан такси айдоочулары эреже бузса 0777 102-102 ишеним номуруна кайрылышын суранды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: