super.kg logo

Чүйдөгү капчыгайда жашынып жүргөн кримавторитет кармалып, унаасынан куралдар алынды (виедо)

 

Чүй облусунда баңгизат жана курал сатууга шектелген кримавторитет капчыгайдан кармалганын бүгүн, 6-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кримтөбөл делген адам баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналын түзгөндүгү жана курал-жарак сатууга катышы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген 1989-жылы туулган И.Ш. аттуу жаран Көк-Мойнок капчыгайында жашынып жүргөн жеринен кармалган. Ошондой эле ага таандык BMW үлгүсүндөгү унаасы текшерүүгө алынып, автокөлүктүн ичинен мыйзамсыз сакталган Макаров (ПМ 9мм) үлгүсүндөгү тапанча, майда калибрлүү мылтык жана ок-дарылар табылган.

"Аталган жаран мурда соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат. Анын криминалдык чөйрөдө туруктуу байланыштары жана кадыр-баркы бар. Ал эркиндигинен ажыратуу жайларында "положенец" деген криминалдык макамга ээ болгон. Андан тышкары район боюнча "смотрящий" деген макам алып жүргөн. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, ал эми табылган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.






06.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: