super.kg logo

Акылбек Жапаров акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропортундагы аткарылган иштерге токтолду

 

“Манас” эл аралык аэропортунун 2019-жылдагы таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сом болсо, 2023-жылы таза киреше 6 миллиарддан ашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-пагустта “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи самолеттун келишине байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында 2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана “Эйркей джи” авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле ал 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде өлкөнүн аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн өсүү динамикасы 3,98 миллиондон 5,6 миллионго чейин болуп ал 41%ды түзгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропортунун өздүк каражаттарына “Каракол”, “Казарман”, “Кербен”, “Талас”, “Нарын” аймактык аэропорттору реконструкцияланып, ал аэропортторго жаңы авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда.

“Аэропортторду модернизациялоо аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө жана учуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү шексиз, бул биздин аймактардын экономикалык жана туристтик потенциалына оң таасирин тийгизет. Bombardier Dash 8 Q-400 биздин муктаждыктарыбыз үчүн идеалдуу заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак. Самолёт кыска аралыкка учууну эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, бул биздин өлкөнүн шаарлары менен аймактарынын ортосундагы учууларды талашсыз ыңгайлуу кылат. Кошумчалай кетсек, бул учакты эксплуатациялоонун үнөмдүү болушу бизге арзаныраак тарифтерди сунуштоого мүмкүндүк берет, бул Кыргызстандын тургундары үчүн аба каттамдарын жагымдуураак кылат. Президент Садыр Жапаров алдыга чоң максаттарды койгон жана ал “Асман аба жолдору” улуттук авиакомпаниясын эл аралык авиация рыногуна алып чыгуу боюнча тапшырмаларды берди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: