super.kg logo

Жогорку кызматка барууда резюмени кантип толтуруу керек? Президент жаңы үлгүнү бекитти 

 

Министрлер кабинети тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тескемеге президент Садыр Жапаров кечээ, 5-сентябрда кол койгон.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

- туулган жери;

- жашаган жери;

- билими;

- биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында президенттин администрациясы резюменин жаңы форматын жетекчиликке алууну өтүнөт. Жана да туура эмес толтурулган резюмелер кабыл алынбай тургандыгын эскертет.

Үлгү катары көрсөтүлгөн резюмени шилтеме аркылуу кирип көчүрүп алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: