super.kg logo

Бишекекте 47,3 миллион сомдук алдамчылык жасаган шектүүлөр кармалды

 

Бишкек шаарынан чет өлкөдөн унаа алып келип берүүнү убадалап жарандын акчасын алдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга 1-июнда арыз менен кайрылган. Ал 1-май күнү Ш. аттуу аял Кытайдан унаа алдырып берем деген убадасы менен 47 миллион 303 миң 568 сомун алганын, кийин из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1989-жылы туулган С.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө аларга карата 3төн ашык козголгон кылмыш иштери бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: