super.kg logo

Ошто аялын сабаган киши ортого түшкөндөрдүн үстүнөн арыз жазды (видео)

 

Ош шаарында 36 жаштагы жаран мурунку аялын жумушуна барып сабап салганын бүгүн, 6-сентябрда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү түшкө жакын 36 жаштагы киши ашканада иштеген 32 жаштагы мурдагы аялын анын жумушуна барып ур-токмокко алган.

"Ал ортодогу 4 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн сурап, балдарын өз айылындагы мектепке окутууну пландаштырып жаткандыгын айткан. Балдардын апасы күбөлүктөрдү берүүдөн баш тарткан. Мындан улам ортодо жаңжал чыгып, күйөөсү аялына кол көтөргөн. Аял менен бирге иштеген ашпозчулар жардамга элди чакырганда жакын жердеги курулушта иштеген адамдар келишип, экөөнү ажыратышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ал күнү эркек киши ооруканага түшкөн. Эртеси, 4-сентябрда ал милицияга арыз жазып, ажыраткан эркектер токмоктоп кетишкенин айткан. Бул күнү жабырлануучу аял дагы мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн арызданган. Милиция андыктан эки тарапка тең жарааттын оордугун аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады.

Ошодой эле шаардык ички иштер башкармалыгы алар сот тарабынан расмий ажырашышканын белгилеп, аялга коргоо ордери берилгенин кошумчалады.

Бүгүн социалдык тармактарда аялды сабап жаткан эрек кишинин видеосу тарап жаткан болчу.

Эске салсак, 2-сентябрда да Нарын шаарында эркек киши аялынын жумушуна келип, ага бир нече жолу бычак сайган.






06.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: