super.kg logo
  Спорт  

Паралимпиада-2024: Медалдардын саны боюнча кайсы өлкө алдыда?

 

Франциянын борбору Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиадада медалдардын саны боюнча Кытай лидерликте турат.

Кытай өлкөсү 74 алтын, 55 күмүш, 39 коло байге алып биринчи сапка жайгашты. Ал эми 38 алтын, 30 күмүш,19 коло менен Англия экинчи болсо, 27 алтын, 33 күмүш, 18 коло медаль уткан АКШ үчүнү тизмеден орун алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен 12-орунга жайгашкан Өзбекстан 8 алтын, 6 күмүш, 4 коло менен лидерликте. Ошондой эле 34-сапта турган Казакстан 2 алтын, 2 күмүш, 1 коло байге менен чөлкөмдө 2-орунда. Кыргызстандын капчыгында азырынча медаль жок.

28-августта башталган XVII Жайкы Паралимпиада оюндары 8-сентябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: