super.kg logo

Чүйдө тургундун 57 баш жылкысын алдап кеткен шектүүлөрдүн бири кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда тургундун жылкыларын сатып алып, акчасын бербей кеткен шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу облустук милиция бүгүн, 6-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-августта райондук ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2 жигит алдап кеткенин түшүндүргөн. Арыз ээсинин айтымында, ал 24-июль күнү Фрунзе совхозунда жайгашкан короодон жалпы баасы 5 миллион 350 миң сомду түзгөн 57 баш жылкысын саткан. Алармандар 10 күндүн ичинде акчасын берүүнү убада кылып, бирок дайынсыз болуп кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмышка шектүүлөрдүн бири катары 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: