super.kg logo

Баткенде журналисттердин "Ийгиликке кадам" медиа форуму башталды

 

Бүгүн, 7-сентябрда Баткен шаарында III “Ийгиликке кадам” медиа форуму башталды.

Маалымдалгандай, форум “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында өтүп жатат. Анда бир катар ийгиликтүү медиалар өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Иш-чарага өлкө аймагынан чогулган журналисттер катышууда. Саамалык "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленген. Форум Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын утурлай уюштурулду.

Форумду президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып берди. Ал өз сөзүндө ЖМК өкүлдөрүнүн Баткен облусуна келип, журналистиканын келечеги тууралуу талкуу өткөргөнү жакшы жышаан экенин белгиледи.

Учурда иш чаранын жүрүшү УТРК Баткен каналынын Ютуб баракчасында түз көрсөтүлүүдө.

Максат Кыргызстандагы журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат. Буга чейин Ош жана Нарын шаарларында уюштурулган.

Иш-чара 8-сентябрда жыйынтыкталат. SUPER.KG медиа порталы аталган форумдун медиа өнөктөшү болуп саналат.






07.09.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: