super.kg logo

"Колго түшсөңөр өлдүңөр го" деп коркуткан айдоочу жол инспекторунан кечирим сурады (видео)

 

“Сенин да ишиң түшөт” деп инспекторду коркуткан айдоочу кечирим сурады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Кайгуул милициясынан билдиришти.

Кайгуул милициясы жүктөгөн видеодо айдоочу айып пулду укканда ачууланганын айтып кечирим сурады.

"МАИ кызматкери 20 миң сомдук протокол түзгөндө бир аз ачууланып, эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым. Ошол үчүн кызматкерден жана окуя үчүн кечирим сурайм.

Мен мыйзамды сыйлайм жана мыйзам менен жашайм. Мен тонировкага уруксат алдым”, — деген ал.

Анда BMW X7 унаасынын айдоочусу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган. Ал инспектор Мирлан Таалайбековдон видеого тартпоону суранган.

Анда ал инспекторду: "Айланып келип колго түшүп калсаңар, өлөсүңөр го дейм. Жер тологок. Сенин да бизге ишиң түшөт”, - деп коркуткан.






Мамлекеттик кызматкер МАИ кызматкерлеринен кечирим сурады

Жол инспекторун коркуткан айдоочу кечирим сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: