super.kg logo

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Киборг" кармалды (видео)

 

Жоюлган мыйзамдагы ууру К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү "Киборг" каймана аты бар жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, "Киборг" мыйзамсыз иштер менен алектенген К.Асанбек менен жана "Сапа" каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” С.С. менен тыгыз байланышта болгондугу тууралуу маалыматтар алынган.

Ал "уурулардын казынасын" толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган "Кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин" алкагында 4-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында М.Н. кармалып, жанынан Макаров травматикалык тапанчасы табылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда "Киборг" УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.






Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Киборг" кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: