super.kg logo
  Спорт  

Астанага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2 миңден ашуун катышуучусу барды

 

Бүгүн, 8-сентябрда Астананын аэропортуна 2 миңге жакын спортчу келген. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, Астана аэропорту бардык коноктор жана катышуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз келүүнү камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин көрүүдө.

Борбордун аба майдаңынын кызматкерлери бардык келген спортчуларды, жүргүнчүлөрдү, спорттук делегацияларды жана борбордун меймандарын жогорку деңгээлде тейлөө жана колдоо көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштешет.

"5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары борборубуздун жана өлкөбүздүн турмушунда жаркын окуя болуп каларына ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Астанада болуучу 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: