super.kg logo
  Спорт  

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Алгачкы мелдештер башталды

 

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы мелдештери башталды. Мелдешке 89 өлкөдөн 2000 спортчу катышып, алар спорттун 21 түрү боюнча 97 комплект медаль үчүн ат салышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Оюндар 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин уланып, биринчи күнү жамбы ату – салттуу жаа атуу боюнча таймаштар болот.

Көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын ыңгайлуулугу үчүн Астанада атайын автобустар уюштурулуп, алар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иш-чара өтүүчү жайларга кирүүнү камсыздайт.

"Сыйлоо пункттары шаардын беш районунда: Хазрет Султан мечитинде, борбордук паркта, Казакстан спорт комплексинде, ЭКСПОнун аймагында жана борбордогу цирктин жанында жайгашкан. Автобустарда Оюндарга билети барлар гана жүрө алышат. Ал эми жеке унаалар үчүн тегерек-четтерде токтотууга тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: