super.kg logo

"Жеке унаалар киргизилбейт". Мындан ары "Ала-Арча" жаратылыш паркына эс алуучуларды электромобилдер ташыйт (видео)

 

Жакынкы айларда "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган тапшырма мамлекет башчы тарабынан коюлган. Ошондой эле учурда тапшырманы аткаруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө.

"Коноктордун ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында, парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Автоунаалардын ордуна электр унааларынын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат.

Мындан тышкары келечекте биз жаңы А-Фрейм үйлөрүн жана кооз тоолордун көрүнүшү бар мейманкана курууну пландап жатабыз", - деп билдирген Туманбаев.






"Ала-Арча" жаратылыш паркына эс алуучуларды электромобилдер ташый баштайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: