super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бүгүн өтө турган мелдештердин программасы

 
Бүгүн, 9-сентябрда Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер башталат.
Дене тарбия жана спорт департаменти мелдештердин бүгүнкү күндөгү программасы менен бөлүштү. Ага ылайык:
Эр эңиш боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат. Оюн талаасына:
  • Жекшенбек Турдубеков (60 килограмм),
  • Бактыгул Райхан уулу (70 килограмм)
  • Калыбек Бусурманкул уулу (80 килограмм) чыгат.
Финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.
Казак күрөшү боюнча беттештер саат 11:00дө башталат. Килемге эркектер арасында:
  • Кемал Оболбеков (55 килограмм),
  • Түгөл Канатбек уулу (60 килограмм),
  • Байбол Саламат уулу (66 килограмм)
  • Чыңгызхан Сагыналиев (74 килограмм) чыгат.
Ал эми кыз-келиндер арасында:
  • Луиза Асакеева (48 килограмм),
  • Айзада Жаналиева (52 килограмм)
  • Аяна Рыскулова (56 килограмм)
  • Сайкал Талантова (60 килограмм) килемга чыгат.
Финалдык беттештер саат (Бишкек убактысы боюнча) 17:00дө башталат.
Таяк тартыш боюнча мелдештер саат 11:00дө башталат. Мелдештин биринчи күнү эркектер арасында:
  • Уланбек Турганбаев (65 килограмм),
  • Бекмурза Токтошоев (70 килограмм),
  • Элдос Айтбаев (80 килограмм).
Кыз-келиндер арасында:
  • Эльза Абдыкадырова (55 килограмм)
  • Адель Маданбаева (65 килограмм) катышат.
Финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.
Жер улак (көк пар) боюнча оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат:
  • 11:00 Казакстан – Өзбекстан;
  • 12:00 Кытай – Орусия;
  • 13:00 Кыргызстан - Монголия;
  • 14:00 Мажарстан – Түркия.
Көк бөрү боюнча оюндар саат (Бишкек убактысы боюнча) 16:00дө башталат:
  • 16:00 Казакстан – АКШ;
  • 17:00 Кыргызстан – Өзбекстан.
Ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештер саат 11:00дө башталат. Оюндар Азия стилинде өтүп:
  • Аида Акматова,
  • Тимур Болотов,
  • Нурсултан Мукаев
  • Мерген Мирланов катышат.
Далба ойнотуу боюнча оюндар саат 11:00дө башталат. Кыргызстандын атынан:
  • Түгөлбай Абдукадыров,
  • Бакыт Шамуратов
  • Курбантай Билалдинов катышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: