Милиция көчөдө жаңжалдашкан жубайлар боюнча комментарий берди
Чүй милициясы социалдык тармакта тараган белгисиз жаран аялын сабап жаткан видео боюнча комментарий берди. Маалыматка ылайык, видео интернет булактарында 6-сентябрда тараган.
Аталган факты Жайыл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Окуянын негизинде 32 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген.
Окуя боюнча 26 жаштагы келин жолдошуна карата арыз жазуудан баш тартып, териштирүү иштерин токтотууну билдирген. Учурда бул окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.