Министрлик директорлук кызмат ордуна сынак жарыялады
Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордун сынак жарыялады. Ага ылайык, документтерди кабыл алуу бүгүн, 9-сентябрда башталып, 20-сентябрга чейин созулат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Өздүк арыз;
- Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
- Дело №.
Сынак боюнча толук маалымат менен шилтемеден тааныша аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.