"Ар бир адам жаңылат..." Алагөзовдун эскертүүсүнөн кийин Искаков постун өчүрүп, кайрылуу жасады (видео)
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун жарандарды дин маселесине байланыштуу ар кандай "чагымчыл сурамжылоолорду" кылбоо чакырыгынан кийин жарандык активист Эртай Искаков социалдык тармакта бөлүшкөн постун өчүрдү.
Ал өзүнүн дарегине айтылган эскертүүнү кабыл алганын билдирди.
"Албетте, туура жагынан түшүндүм. Ар бир адам жаңылат, биз дагы жаңылабыз. Мамлекеттик саясат терең анализ аркылуу жасалат. Биз аны колдойбуз, башынан эле колдоп келгенбиз. Мыйзамдуулук биринчи орунда.
Достор, комментарий жазганда да этияттап жазууну суранам. Ошондой эле жалган маалыматтарды таратпайлы", - деди Искаков.
Бул маселе боюнча 5-сентябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынган.
Видео: Эртай Искаков




1 |