Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жер улактан Монголияны 16:0 эсебинде утуп алды
Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактан (көкпар) кыргыз курама командасы монголиялык атаандаштарын 16:0 эсебинде утуп алды.
Оюндун биринчи 20 мүнөттүк бөлүгүндө кыргыз улакчылары 11 улак салса, 2-бөлүктө 5 упай топтоого жетишти.
Алгачкы эсеп санын Манас Ниязов ачып, оюндун жүрүшүндө дагы 2 улак салды. Ошондой эле команда пайдасына Кубанычбек Султан уулу 3 упай, Майрамбек Рысбеков, Жолдошбек Орозбаев, Дастан Сагынбек уулу 2ден упай алып келишти.
Мындан тышкары Өмүрбек Эсен уулу, Эрлан Төлөбеков, Кушчубай Илгиз уулу, Эмирлан Жеңишбековдор бирден улак сала алышты.
09.09.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.