super.kg logo
  Спорт  

Бишкектин волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык спартакиадада 3-орунду ээледи

 

Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасында волейбол боюнча Бишкектин кыз-келиндер курамасы 3-орунду багындырды. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 7-9-сентябрь аралыгында кыз-келиндер арасында пляж волейболу боюнча мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
1-орун – аялдар курама командасы (Москва);
2-орун – аялдар курама командасы (КЭР);
3-орун – аялдар курама командасы (Бишкек шаары).

Мелдештер 12-сентябрга чейин спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлөт.

Бул жылы оюндар “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтүүдө.

Белгилей кетсек, оюндар 2001-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана жыл өткөн сайын долбоорго катышкан мамлекеттердин арасында популярдуулукка ээ болууда.

XXIII оюндарга КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнөн жалпысынан 3 миңдей спортчу катышууда.

Жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: