Улан Ниязбеков Кытайда коомдук коопсуздук боюнча форумга катышууда




Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Ляньюньган шаарында коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык форумуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 9-сентябрда билдиришти.
Аталган форумдун алкагында ИИМдин башчысынын башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.
Андан тышкары Ниязбековдун коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” форматындагы биринчи жыйынына катышуусу пландалган.
Укук коргоо органы министр форумга Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун чакыруусу менен барганын белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.