super.kg logo

"Окуу, окуу жана окуу". Депутат Марлен Маматалиев Орусиядагы президенттик академияны аяктады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Орусиянын Президенттик академиясын аяктады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында видео, сүрөт жүктөп маалымдады.

Ошондой эле эл өкүлү билим алууга эч качан кеч эмес экенин билдирген.

"Окуу, окуу жана окуу. Билим алууга эч качан кеч эмес! Менин жашоомдогу маанилүү этап жыйынтыкталды. Россия Федерациясынын Президенттик академиясын, жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруу магистри багыты боюнча окууну аяктадым. Бул жаңы билимдердин жана тажрыйбанын жолу. Менин максатым - алган көндүмдөрүмдү коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн колдонуу", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Марлен Маматалиев буга чейин бир нече окууну аяктаган. Алар:

  • Кыргыз техникалык университетинин автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча бакалавр жана магистратура бөлүмүн аяктаган. Ошондой эле аталган адистик боюнча аспирант, техникалык илимдердин кандидаты;
  • Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит адистиги боюнча жогорку билимдүү;
  • Кыргыз экономикалык университетинде докторантурасын жактаган;
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция, жарандык-укуктук иш багыты боюнча - экинчи жогорку билимдүү;
  • Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: