Арал-Казарман унаа жолундагы тоо боорунан кулаган таштар тазаланды




Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 243-296-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Арал-Казарман тилкесиндеги жумуштар аймакты караган №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлгөндүгү маалыматта белгиленет. Ошондой эле учурда жол ачык, эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги кошумчаланды.
Айта кетсек, ӨКМдин маалымат борбору аба ырайынын туруксуздугунан улам айрым тоолуу аймактарда таш кулоо коркунучу бар экенин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.