super.kg logo

Бишкектин башкы стадионунда MEGA′дан бекер Wi-Fi!

 

Д. Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо аяктады! Эми беттештер учурунда MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун бардык абоненттери Бишкектин башкы стадионунун аймагында АКЫСЫЗ Wi-Fi колдоно алышат.

Уюлдук түйүн сунуш-сурамдан ашып кенткенде, көп адамдардын арасында байланышта болуу канчалык кыйын экенин билебиз. Бирок, эми маанилүү беттештер учурунда MEGAнын абоненттери оюндан ырахат алып гана тим болбостон, жандуу учурларды реалдуу убакыт режиминде достору жана жакындары менен бөлүшө алышат – мунун баары MEGAдан акысыз Wi-Fi’дын аркасында жеткиликтүү болот.

Кантип туташса болот?

1. MEGA_WiFi тармагын табыңыз

2. MEGA телефон номериңизди киргизиңиз

3. Код менен SMS алыңыз

4. Кодду киргизип, жогорку ылдамдыктагы акысыз Интернеттен ырахат алыңыз!

Күйөрмандар 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын 2-турунун алкагындагы Кыргызстандын курама командасынын Өзбекстандын курамасына каршы бүгүнкү оюнунда Wi-Fi тармагына кошула алышат. Белгилей кетсек, бул окуя чындап эле тарыхый болуп калат, анткени биздин команда дүйнөлүк биринчиликке тандоонун 3-айлампасынын алкагында оюнду алгачкы жолу өз талаасында өткөрөт.

Эгерде сиз өзүӊүз барып көрө албасаӊыз, анда беттешти түз ободо көрүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк бар! MegaTV тиркемесинин аркасында футбол сүйүүчүлөрү оюндун жүрүшүнө үйдөн чыкпастан, жада калса жолдо жүрүп баратып да көз сала алышат. Тиркеме ыңгайлуу интерфейс жана көптөгөн пайдалуу функциялар менен жогорку сапаттагы түз берүүлөрдү сунуштайт. Беттешти каалаган түзмөктөн – смартфон, планшет, Smart TV же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.

Жазылууну бир номерден кошуп, беш башка түзмөктөн бүт үй-бүлөңүз менен көрө аласыз.

Элдики + MegaTV линиясындагы бардык тарифтерде уюлдук телекөрсөтүү АКЫСЫЗ берилет, ал эми интернет-трафик тарифтелбейт.

Тиркемени азыр жүктөп алып (App Store жана Google Play), спорттун бүйүр кызыткан учурларынан ырахат алыңыз!

MEGA - Өзүбүздүн байланышты колдон жана өз оюнчуларыбызды колдо!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: