Бишкек милициясы өлүм менен коштолгон жол кырсык боюнча билдирүү таратты
Бишкекте скутер айдаган жаран оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка таянсак, кырсык бүгүн, 10-сентябрда саат 11:45 чамасында болгон. Анда Howo′нун айдоочусу менен скутер айдаган жаран Жайыл Баатыр менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүшкөн.
Аталган факты шаардык милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Каза болгон скутердин айдоочусу 17 жаштагы өспүрүм экени такталды. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин соцтармактарда кырсык тууралуу маалымат тарап, анда скутер айдаган жаран башынан алган жаракатынан улам каза болгону айтылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.