super.kg logo

Билим берүү министрлиги Чүйдө каза болгон окуучу боюнча маалымат берди

 
Кечээ, 9-сентябрда Чүй милициясы Комсомол айылында 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болгонун маалымдаган болчу.
Бүгүн, 10-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча комментарий берип, окуя сабактан тышкаркы убакта болгонун билдирди.
"Балдар бул күнү сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. 16 жаштагы Б.С. мектептен 2 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң 20дай бала кетип калган.
Ал калган балдарды тизип алып уруп жатканда 15 жаштагы бала (ред., каза болгон өспүрүм) өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок бала өзүнө келбегендиктен “Тез жардам” чакыртышкан.
Аталган окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары Б.С. аттуу бала кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди" деп жазылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалып, Сокулук РИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.
Министрлик ата-энелер мектеп аймагынан жана окуу убактысынан тышкары жүргөн окуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышарын эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: