super.kg logo

Бишкекте майыптыгы бар жарандардын жөө жүрүшү өттү

 

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарында “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!” деген ураандын алдында жөө жүрүш башталып, ага ден соолугунан майыптыгы бар жарандар катышууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрдин орун басары Кыял Жанузакова маалымдагандай, өлкөдө 216 миңге жакын майыптуулугу бар жаран жашайт, алардын 37 миңи балдар.

“Министрлик калктын аярлуу катмарын социалдык жөлөк пулдар менен гана камсыз кылбастан, алардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

БУУнун майыптар жөнүндө Конвенциясынын ратификациясы менен Кыргызстан майыптыгы бар адамдарга башка жарандар менен бирдей спорттук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттенди. Баарына үлгү катары биздин паралимпиадачылар болду", - деди министрдин орун басары.

Кошумчалангандай бул жүрүштүн максаты – майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигмаларды азайтуу, ошондой эле алардын укуктарын илгерилетүү, коргоо жана Кыргызстанда инклюзияны илгерилетүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: