Көчмөндөр оюндары: Казак күрөшү боюнча кыргыз курама команда 4 медаль жеңди






Кыргызстандын казак күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңди. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 4 медалдын үчөө күмүш, бирөө коло.
Эркектер арасында 55 килограммдык салмакта Кимал Оболбеков жана 82 килограммдык салмакта Шатман Эсенбек уулу күмүш медалга ээ болушса, 66 килограммдык салмак ченинде Байбол Саламат уулу 3-орунду ээледи.
Кыз-келиндер арасында 48 килограммга чейинки салмакта Луиза Асакеева күмүш медалга ээ болду.
Курама команда машыктыруучулар Бексултан Абдыкерим уулу жана Иличбек Дыйкановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.