Бишкектин өспүрүм мушкерлери бокс боюнча Азия чемпионатынан жемиштүү кайтты




Күжүрмөн спорттун олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту. Блу туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Мааылмадалгандай, мелдеш 28-августтан 9-сентябрга чейин Абду-Дабиде 2008-2009-жылы туулган жаштар жана 2010-2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өттү.
Мектеп окуучусу Арваз Ахмади 66 килограммдык салмакта күч сынашып, Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун жеңип алды. Чейрек финалда ирандыкты жеңип, финалга чыкты.
9-сентябрдагы чечүүчү кармашта Ахмади Өзбекстандын өкүлү менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 52 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан Ризван Исаев күмүш медаль тагынды.
Спортчу 1/4 финалдан баштап, Иорданиянын өкүлүн жеңип алды. Жарым финалда Украинадан келген спортчуну жеңип, финалга чыкты.
Кошумчалай кетсек, 8-сентябрда финалдык беттеште спортчу Ризван Исаев казакстандык спортчу менен беттешип, ага жеңилип, турнирдин күмүш байге ээси болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.