super.kg logo

Бишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт 

 
Бишкекте 25-октябрда дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул туурасында Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.
Ага ылайык, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку денгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор жана музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат.
Кароо-сынак эки айлампа менен өтөт:
  • 1-айлампада дастанчылар тизмеде көрсөтүлгөн чыгармалардан билет сууруп, туш келген чыгармадан бирди аткарышы керек (5-15 мүнөт);
  • 2-айлампада тандалган катышуучудан билет тандоо менен туш келген чыгарманы (5-30 мүнөткө чейин) аткаруу талап кылынат. Экинчи айлампада дастан жана айтыштар гана аткарылат.
Кароо-сынактын баш байгесине акчалай сыйлык, диплом ыйгарылат. Ал эми жигердүү катышкандар атайын дипломдор менен сыйланат.
Сынак 25-октябрда “Манас” театрында саат 10:00дө өтөт. Байланыш телефону: +996 700 142 815





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: