super.kg logo
  Спорт  

"Биз эч кимден коркпойбуз". Валерий Кичин Өзбекстан менен болгон оюндан кийин билдирүү жасады

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Бишкекте өткөн Кыргызстан-Өзбекстан беттешинен кийин билдирүү жасады.

Анда команда капитаны кыргыз футболчуларына тажрыйба жетишпей жатканын айтты.

"Биринчи оюн алдында айтканымдай эле бизге бир гана тажрыйба жетишпей жатат. Биз бул раундда жаңы командабыз. Биздин курамабыз жаш оюнчулардан куралган. Бизге жыйынтыкты кармап туруу боюнча тажрыйба жетпей жатат. Менимче Иран менен дагы, Өзбекстан менен дагы оюнубуз жакшы болду. Бул эки курама тең күчтүү. Бирок биз аларга жөн эле команда эмес экенибизди далилдедик.

Биз ар бирине оюн көргөзөбүз жана биз эч кимден коркпойбуз. Биз өзүбүздүн оюнубузду көргөзөбүз", - деди Валерий Кичин.

Кечээ, 10-сентябрда Бишкекте өкөн оюнда "Ак шумкарлар" Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилди. Муну менен Кыргыз курамасы өзүнүн тайпасында акыркы орунга жайгашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: