super.kg logo

УКМК Сузактагы айыл өкмөт кызматкерлерин кармады

 

Жер тилкелери боюнча коррупциялык схемаларды уюштурганы үчүн Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 10 жылдан бери жасалма документтерди колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун мыйзамсыз сатканы аныкталган. Кылмыш схемасына Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери, анын ичинде: У.Х., айыл өкмөтүнүн орун басары М.Ж., жер маселеси боюнча адис И.З., жергиликтүү кеңештин учурдагы төрагасы А.Э. жана Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетектөөчү адиси А.Р.нын катыштыгы болгон.

"Аталган адамдар жасалма документтерди жана өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуу менен басып алынган жерлерге укук белгилөөчү документтерди (мамлекеттик актыларды) мыйзамдаштырышкан. Мындан улам, 4-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдардын жашаган жерлери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка катышы болушу мүмкүндүгүн тастыктаган документалдык материалдар табылган. Азыркы учурда Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу «Бек-Абад», «Кыргыз-Абад» жана «Түрк-Абад» айылдарынын аймагында жайгашкан 29 жер тилкеси алдын ала мыйзамсыз берилгендиги жана жасалма документтер менен ээликтен ажыратылгандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Объекттер стратегиялык жактан маанилүү жерлерде, аймактар аралык магистралдардын боюнда, ички жолдордо, негизги көчөлөрдө, бизнес жүргүзүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болгон калктуу конуштарда жайгашкан. Ар бир участоктун баасы болжол менен 1 миллион сомго бааланган.

Учурда документтерди мыйзамсыз сатуу жана жасалмалоо боюнча кошумча фактыларды аныктоого карата тергөө иштери улантылууда. Кармалгандар 4-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2024. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карт бөрүлөр 10жыл бою эч ким билбей кала тургансып жыргашып эми жооп берүү убактысы келген турбайбы, мындайлар эми далай четинен чыга беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: