super.kg logo

1995-жылы Абаканга соода кылуу үчүн барып, киши өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык соттолду

 

Орусияда 53 жаштагы кыргызстандык 28 жыл мурун Абакан шаарынын тургунун өлтүргөн делип соттолду. Бул тууралуу орус басылмалары өлкөнүн Тергөө комитетине таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, айыпталуучу 1995-жылы күзүндө Хакасияга барып, кийим-кече сата баштаган. Бирок иши ойлогондой киреше алып келбегендиктен Кыргызстанга кетүүнү чечкен. Ал кетер алдында Абакандагы тааныш ишкердин үйүнөн акча уурдоого бел байлаган.

Ошентип шектүү 1996-жылдын 8-март күнү эртең менен мас абалында таанышынын үйүнө барган. Ишкер үйүндө жок болгондуктан эшикти анын тууганы ачкан. Кыргызстандык жаран аялдан ишкерди күтүп турууну суранып, үйгө кирген. Кирип алган соң аялды муштуму жана тигүүчү машинанын тетиктери менен башка бир нече жолу чаап, андан кийин жип менен муунтуп өлтүргөн. Учурдан пайдаланган шектүү үйдөн 3,2 миллион рубль уурдап, изин жашырып кеткен. Күч түзүмдөрү кылмыштан соң ал көп убакыт Кыргызстанда жашаган деп эсептейт.

Ошол учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгону менен, шектүү аныкталбай калган. Кийин 2024-жылы иш кайра каралып, аялды өлтүрүүгө Кыргызстандын жаранынын катыштыгы бар экендиги белгилүү болгон. Ал 1-февралда Москва шаарынан колго түшкөн. Суракта айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган.

Сот аны Абакан шаарынын тургунун өлтүрүүгө жана тоноого күнөөлүү деп таап, 9,5 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын катаал режимде өтөөгө өкүм кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: