super.kg logo

Босния жана Герцеговинада эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

 

Босния жана Герцеговинада Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Билдирүүдө 40 жаштагы шектүү М.М. 6-сентябрда Сараево шаарында кармалып, өлкөнүн ИИМинин ыкчам каттоосунда турганы айтылат.

Ага Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо) боюнча айып коюлган.

"Уюшкан кылмыштуу топтун О.М. («Карышкыр» лакап аты) жетекчилиги астында шектүү «смотрящийдин» милдетин аткарып, Москвадагы жана Москва облусундагы мекендештерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылган.

Шектүү 2015-жылы Москва шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган, бирок Орусиянын жарандыгын алганына байланыштуу ал Кыргызстанга экстрадициялоодон качып кеткен" деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кармалган адамды Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн тиешелүү маалымат жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: