super.kg logo

Парашюттар, танктар. Ысык-Көлдө ЖККУнун ири машыгуусу өттү (фото)

 

Бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көлдө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларынын активдүү фазасы өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Ага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын аскер кызматкерлери жана ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышты.

Машыгууга коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетов, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин делегациясы жана аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү көз салышты.

Анда ЖККУда ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн бардык компоненттеринин ырааттуу аракеттери биргелешкен операциянын жүрүшүндө көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: