super.kg logo

Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда

 

Чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды. Мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам чет мамлекеттик жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну, аларга каршы кылмыштардын жасалышын алдын алууну жана чет өлкөлүктөрдүн ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтиргендер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөйт.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү", "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү", "Адамды уурдоо", "Уурдоо", "Тоноо", "Каракчылык" беренелерине чет өлкөлүк жарандарга карата көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн өзүнчө квалификацияны караган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Мындай өзгөртүүлөргө Бишкек шаарында 18-майга караган түндөгү окуя себеп болгон.

"Болуп өткөн окуяларга байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгы бышып жетилди. Бул түзөтүүлөр жагымдуу жана коопсуз инвестициялык чөйрөнү камсыз кылууга, анын ичинде өлкөнүн аймагында окуган жана билим берүү секторуна финансылык каражаттарды салган студенттер үчүн оң таасирин тийгизет", - деп айтылат мыйзамдын негиздемесинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: