super.kg logo

Садыр Жапаров Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучусуна унаа берди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.

“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир-бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи.

“Өзбекстан спортко өзгөчө көңүл бөлөт. Биз акыркы үч жылда гана спортчуларыбызды активдүү колдой баштадык. Мурда мелдештерге катышуу үчүн каражатты өз убагында бере албай калган учурлар болгон. Учурда мамлекет витаминдерге чейин алып берип, бардык зарыл шарттарды түзүп жатат”, - деп мамлекет башчысы баса белгиледи.

Садыр Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Акмаль Хасанов баатырдык иш жасаганын айтып өттү.

Биздин ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр унааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууда – бул деген өзгөчө кызматы үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү”, - деп президент кошумчалады.

Өз кезегинде Акмаль Хасанов жылуу сөздөрү үчүн президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: