Көчмөндөр оюндары: Жер улак боюнча финалчылар аныкталды
Бүгүн, 11-сентябрда Казакстандын жер улак боюнча курама командасы Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына жолдомо алды.
"А" тайпасындагы жарым финалдык беттеште казак улакчылары орусиялык атаандаштарын 18:2 эсебинде жеңип алды. Эми 12-сентябрь күнү коңшу өлкөнүн спортчулары алтын байге үчүн кыргыз улакчылары менен беттешет.
Эске салсак, кечээ "Б" тайпасында Кыргызстан Түркияны 15:1 айырмачылыгы менен утуп, финалга чыккан болчу. Жалпы жер улактан 9 мамлекеттен келген командалар Көчмөндөр оюндарына катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.