super.kg logo

Кыргызстандын мыкты ашпозчу жана ширетүүчү студенттери Францияда дүйнөлүк сынакка катышууда (видео)

 

Франциянын Лион шаарында өтүп жаткан WorldSkills кесиптик чеберчиликтердин 47-эл аралык чемпионатына кыргызстандык үч студент катышууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, алар февраль айында биринчи жолу өткөрүлгөн WorldSkills Кыргызстан I улуттук чемпиондугунун жеңүүчүлөрү.

Алар:

  • Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипова (“Ашпозчулук иши” категориясы),
  • ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинен Наргиза Жолдошбай кызы (“Ашпозчулук иши” категориясы),
  • Беловодск айылындагы №28 кесиптик лицейден Элдар Бакиров (“Ширетүү технологиясы” категориясы).

Кошумчалагандай, чемпиондуктун ачылыш аземи 10-сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрондун катышуусунда өттү. Ага 70ке жакын өлкөдөн жана аймактардан келген 1400 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтөт.






Кыргызстандагы мыкты ашпозчу жана ширетүүчү стундеттери Францияда сынакка катышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: