Бишкектин тургунунун ири суммадагы акчага алдап кеткен жаран кармалды

Маалымдалгандай, арыз менен 24-августта бир жаран кайрылып, анда В. аттуу жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби 2023-жылдын жай мезгилинде жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, тепкичтерди жана дубал панелдерин жасап берем деген шылтоо менен, 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткенин билидрген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган П.В. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0


Талкуу жабык.