super.kg logo

Өлкөдө мотоцикл айдагандарга карата ири рейд жүрөт

 
Бүгүн, 12-сентябрдан тарта өлкө аймаганда мотоциклдерге, скутерлерге карата масштабдуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Ага ылайык, тийиштүү докумменттери жок айдаган жарандарга айып салынып, мотоциклдери айып короо жайына токтотулат.
ЖКККББ мындай иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Акыркы учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталууда. Айрыкча түнкүсүн катуу үндөр менен жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдыктар менен айдап, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Ошол себептүү ЖККББ масштабдуу рейддик иш-чараларды жүргүзөт", - деп билдиришти мекемеден.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: