super.kg logo

Жумгалда бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды 

 

Нарындын Жумгал районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысына шектелип бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинде каралган кылмышка шектүү катары райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, ЖӨБОнун башчысы жана орун басары, ошондой эле Жумгал районунун бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери: Ж.Р., Ж.Б., М.Т., А.М., Р.у.К., М.Э., Н.Т. жана О.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган кызматкерлердин кармалышына Жумгалдын Чаек, Байзак айыл аймактарындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү болгон, жалпы аянты 2,84 гектарга бааланган, наркы 95 миллион сомду түзгөн жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары себеп болгон.

Ошондой эле аталган участоктордун ээлери 2022-2023-жылдары турак үйлөрдү куруу үчүн пайдубалдарды тургуза баштаганы айтылды.

Учурда аталган кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: