Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдык тизмеде бир орунга ылдыйлады
Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз курамасы 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло байге алып, жалпы командалык эсепте 3-орунга жайгашты.
Бул тизмеде 27 алтын, 17 күмүш, 25 коло алган Казакстан биринчи орунда турат. Ал эми 11 алтын, 12 күмүш, 9 коло медаль уткан Өзбекстан 2-саптан орун алган. Ошондой эле Орусия 9 алтын, 8 күмүш, 20 коло менен 4-сапка жайгашса, 1 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль алган Иран 5-орунда келе жатат.
Буга чейин кыргыз курамасы 2-орунда келе жаткан болчу.
Белгилей кетсек, 8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.