super.kg logo

"Эл шылуундарга алданып жатат". Депутат Өмүрзаков онлайн насыя берүүнү татаалдатыш керектигин айтты

 

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков онлайн насыя алууда шылуундарга алданып жаткандар көп болуп жатканын айтты.

Эл өкүлү банктардын онлайн насыя берүү системасынын аркасында жарандарды алдаган шылуундар дагы пайда болгонун белгиледи.

"Элге Улуттук банк, коммерциялык банктар бир канча эскертүүлөрдү айтса дагы жетишсиз болуп жатат. Интернет булактарынан алдамчыларга карапайым элдин алданып калып жатканын угуп жатабыз. Бул боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак 8 айда 705 факты катталыптыр", - деди эл өкүлү.

Өмүрзаков онлайн насыя берүүдө алдамчылыкты алдын алуу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Улуттук банк татаалдаштырылган системаны иштеп чыгышы керектигин айтты.






Жогорку Кеңеш 12.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: