super.kg logo

Чүйдө каза болгон окуучу: ИИМ жетекчиси ишти көзөмөлүнө алды

 
ИИМ башчысы Чүйдүн Комсомол айылында 9-класстагы окуучунун өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда облустук милиция Комсомол айылында 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болгонун маалымдаган болчу. 10-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги окуя сабактан тышкаркы убакта болгонун кабарлаган.
Милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө маркумдун классташтары суралган.
"Анда 5-сентябрда саат 13:00 чамасында мектептен 2 чакырым алыстыкта мурда аталган мектепте өздөрүнөн бир класс жогору окуган, учурда эч жерде окубаган Б.С. аттуу бала (шектүү) аларды чогултуп, А.Э.ни урганын, андан кийин анын абалы начарлап, каза болуп калганын айтып беришкен" деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча айып тагылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Чүй ОИИББ Сокулуктагы бардык мектептерде окуучулар менен ата-энелерге профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: